ЕАЭБ бажы операцияларынын бирдиктүү стандартын киргизүүнү пландап жатат

Бажы контролдоо зонасы. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. ЕАЭБ бажы операцияларынын бирдиктүү стандартын киргизүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы министри Руслан Давыдов билдирди.
Ал "Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл: бажылык башкаруу моделин трансформациялоо" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда сөз сүйлөгөн.
"Давыдов ЕАЭБде бажы операцияларынын бирдиктүү стандартын киргизүүнү келечектеги приоритет катары белгиледи. Бул 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында каралган", — деп айтылат ЕЭКтин маалыматында.
Ал үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү, ЕАЭБдин Бажы кодексин ылайыкташтыруу сыяктуу аракеттерди ишке ашыруу зарыл экени кошумчаланды.
Форель өстүрүү заводу. Архивдик сүрөт
ЕАЭБдин реестри Кыргызстандын 59 ишканасы менен толукталды