Бишкектин чок ортосунда айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Видео

Жарманкеге өлкөдө чыгарылган жана органикалык азыктардын түрү коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда айыл чарба жарманкеси өтүүдө.
Жарманкеге өлкөдө чыгарылган жана органикалык азыктардын түрү коюлган.
Ал борбор азиялык "Органик экспо — 2024" форумунун алкагында уюштурулган. Иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер планын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы жана Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленгени айтылды. Форумга Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Россия жана башка 10дон ашык мамлекеттен 50дөй спикер, 200дөн ашык эксперт келген.
1 / 5

Бишкектин чок ортосунда айыл чарба жарманкеси өтүүдө

2 / 5

Жарманкеге өлкөдө чыгарылган жана органикалык азыктардын түрү коюлган

3 / 5

Ал борбор азиялык "Органик экспо — 2024" форумунун алкагында уюштурулган

4 / 5

Форумга Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Россия жана башка 10дон ашык мамлекеттен 50дөй спикер, 200дөн ашык эксперт келген

5 / 5

Иш-чара 22-сентябрга чейин Бишкек шаарынын Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында саат 9:00дөн 18:00гө чейин болмокчу

Форумдун уюштуруучулары жана катышуучулары органикалык айыл чарба Борбор Азияда туруктуу жана "жашыл" экономиканы курууда маанилүү звено болуп каларына ишеним артышууда.
Иш-чара 22-сентябрга чейин Бишкек шаарынын Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында саат 9:00дөн 18:00гө чейин болмокчу.
Мектептердин огородуна өсүмдүк, жашылча-жемиш өстүрүү пландалууда