"Кыргызнефтегаздын" акцияларынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

Мекемени жетектеп тургандардын бири жолун таап ишкананын 65,6 миллион сомдук акциясын арзандатылган баада алганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. "Кыргызнефтегаз" ААКтын акцияларынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын мурдагы жетекчиси 383 миң 590 акцияны арзандатылган баада сатып алганы аныкталган.
"2019-жылы "Кыргызнефтегазды" жетектеп турган Б.Р.А. ишкананын активдерин жана мүлкүн "Газпромго" сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, миноритардык акционерлерден баалуу кагаздарды сатып алуу иштерин уюштурган. Кийинчерээк кызматтык абалынан пайдаланып компаниянын аталган акцияларын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алып, аффилирленген жактарына каттаткан", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы суммасы 65 миллион 615 миң 400 сомдук акциялар ээсинин ыктыяры менен мамлекеттин карамагына өткөнү кошумчаланды.
Кара-Сууда пара берүүгө аракет кылган экс-чиновник кармалды. Видео