Эмгек министрлиги жумуш орду бар тармактарды тизмектеди

Иш издеп жаткандар 1899 номерине чалып кошумча маалымат алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата 8009 бош орун бар экендигин билдирди.
Бош орундары бар жумуштар:
мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 325;
саламаттык сактоо кызматкерлери (дарыгерлер, медайым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 581;
кассирлер – 151;
соода агенттери – 63;
менеджерлер – 59
бухгалтерлер – 46;
юристтер – 25;
экономисттер – 7;
инженер-куруучу – 48;
психологдор –18;
тигүүчүлөр – 2276;
курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, бетон куйгуч ж.б.) – 814;
айдоочулар – 463;
кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (чачтарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейманкана кызматчысы, курьер, камкорчу, ашпоз, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 789;
ар тараптуу жумушчулар – 2 344.
Министрлик 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата орточо айлык акы өнөр жай тармагында – 52 866 сом, курулушта – 34 554 сом, соода-сатыкта – 37 601 сом, унаа тармагында – 46 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 679 сом, финансы тармагында – 62 298 сом, билим берүүдө – 25 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагында 21 368 сомду түзөрүн билдирди.
Жумуш издеп жаткандар 1899 номерине чалып (иш күндөрү саат 09.00-18.00 чейин) кошумча маалымат алса болот.
Мындан сырткары, zanyatost.kg порталынан да кайсы тармакта бош орун бар экенин билсе болот.
Бишкекте жумуш издеп жүргөндөргө кулак кагыш