Балыкчы – Ананьево – Каракол жолу оңдолуп, бүгүн ачылды

Оңдоодон өткөн жол төрт тилкелүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бүгүн, 20-сентябрда, Ысык-Көл облусундагы Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолуна асфальт төшөө аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматта асфальтталган жолдун узундугу 1 265 метр, туурасы 13 метрди түзөрү айтылат. Унаа жолу төрт тилкелүү.
Мындан сырткары, жакында эле Түп – Шаты – Ичке-Суу унаа жолуна 1,5 чакырым, Михайловка – Николаевка – Токтоян унаа жолуна 2,7 чакырым асфальт төшөлгөн, дагы беш чакырым асфальтталмакчы.
Жолду оңдоо иштерин “Кыргыз автожол – Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №4 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарууда.
Бишкектин жаңы жасалган жолдору бузулганын байкагандар мэрияга кайрыла алат