Баладагы рактан кабар берчү белгилер. Дароо дарыгерге кайрылуу кажет

Адистер ракты дарылоодон мурун так диагноз коюу өтө маанилүү экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Илдетти эрте аныктоо жана убагында дарылоо рак менен ооруган баланын өмүрүн сактап калат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
"Туура диагноз коюу мындай бейтаптар үчүн өтө маанилүү. Анткени рактын ар бир түрү үчүн дарылоо жолу ар башка: айрымына операция керек болсо, кээ бирине химиялык дарылоо зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Дарыгерлердин айтымында, ооруну эрте билүүгө ата-эненин жана биринчи медициналык жардам көрсөткөн адистердин балдар рагы тууралуу маалыматы, илдетти убагында жана туура аныктоо, дарылоо жардам берет.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору төмөнкү белгилер баланын рак илдетине чалдыкканынан кабар берерин эскертет:
бала кубарып турат, сөөктөрү ооруйт, жаракат чоң болбосо деле кан кете баштайт;
инфекция жок эле оорубаган шишиктер пайда болот;
аз убакта арыктап кетет, узакка созулган жөтөл, дем алуунун оорлошу, түнкүсүн тердөө;
каректин агарышы, көздүн чалыр болушу, көрүүнүн начарлашы, көздүн айланасындагы теринин бузулушу;
курсактын шишип, чоңоюшу;
баш оору, кусуу;
колу-буттун, сөөктөрдүн оорушу.
Дарыгерлер жогоруда айтылган белгилер байкалса дароо медициналык адистерге кайрылуу зарылдыгын эскертет.
Стоматолог айрым балдар эмнеге тишин кычыратарын түшүндүрдү