Транспорт министрлиги өлкөдө айдоочуларга рейд жүрүп жатканын эскертти

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү элден акча чогултуу эмес, жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өлкөдө жүргүнчү, жүк ташуу талаптарында көрсөтүлгөн салмак-көлөмдүк ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейд өтүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эскертти.
Маалыматка ылайык, текшерүүлөр 9-сентябрда башталган, ал 7-октябрга чейин уланат.
"Текшерүү иштеринин алгачкы аптасында 14 797 транспорт каражаты текшерилди. Анын ичинен 925и жүргүнчү ташуучу автоунаа болсо, 13 872си жүк ташыган машиналар. Тартип бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге протокол түзүлгөн. Жыйынтыгында 1 миллион 688 500 сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү элден акча чогултуу эмес, жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу экенин белгилеген. Мекеме бул үчүн айдоочулар жүргүнчү, жүк ташуунун талаптарын так сакташы керек деп эсептейт. Адистер айдоочуларды жүк жана жүргүнчү ташуунун талаптарын бузбоого чакырышат.
Айдоочуларга тоолуу аймактарга барганда дөңгөлөктү алмаштыруу сунушталат