"Далилдерди көрсөткүлө". АКШда укук коргоочулар RT боюнча Байденге талап коюшту

Буга чейин каналдын кызматкеринин жашаган жерин ФБР тинтип, суракка алган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Америкалык Freedom of the Press Foundation (FPF) укук коргоо уюму АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясынан RT телеканалына коюлган айыптоолор боюнча далилдерди коомчулукка көрсөтүшүн талап кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Агенттик кеп жашыруун маалыматтык операция жана аскерий сатып алуулар туурасында жүрүп жатканын жазды.
"Администрациянын билдирүүсүнө эл ишениши үчүн RT телеканалы тууралуу жазууларды ачыктап көрсөткүлө", — деп айтылган алардын талабында.
Укук коргоочулар Америка бийлиги аталган ЖМКга чектөө киргизип, аны Вашингтон бекемдеген жашыруун делген документти көрсөтпөгөндүгүн эске салышты.
Белгилей кетсек, АКШнын Финансы министрлиги 4-сентябрда "Россия сегодня" медиатобуна, РИА Новости, Sputnik, Ruptly, RT телеканалына каршы мамилесин катаалданткан. Буга "Россия сегодня" жана RT башкы жетекчилиги жана бир катар топ-менеджерлер да кирген.
Майамиде (АКШ) RT телеканалынын кызматкеринин үйүн тинтип, ФБР аны ур-соккуга алган. Андан кийин бир нече саат сурашкан. Акырында кызматкер өзүнүн коопсуздугу үчүн Кошмо Штаттардан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
RT менен "Россия сегодня" кээ бир социалдык тармактарда чектөөгө кабылды