Ак үй мунай боюнча антироссиялык санкцияны катуулатарын айтты

Буга чейин АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Дарелл Исса россиялык энергоресурстардын сатылышына чектөө киргизүү натыйжалуу болорун айткан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. АКШ Россияга каршы санкцияларды дагы катуулатуу ниетинде, ага эми дүйнөлүк рынокко сатылган нефть жана аны ташуулар кирмекчи. Бул туурасында АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Далип Сингх билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз санкциялардын бир топ эле катуу болушу туурасында айтыш керек деген режимге жакындап келе жатабыз, бул көмүскө флот жана Россияга рынокко сатууга мүмкүнчүлүк берген мунай жаатында болмокчу", — деген ал.
Аткаминердин айтымына караганда, Вашингтон Россияга карата санкцияларды катуулатуу жана экспорткө көзөмөл кылуу жаатында иштерди активдештирүү ниетинде.
Штаттар муну менен катар эле "кыска аралыкта — үчтөн алты айга чейин" Москванын мунай заттан түшкөн кирешесин кыскартууга аракет жасай тургандыктарын айтышты.
"Эгерде Россиянын мунай кирешелерин кыскарта турган болсок, бул санкциялар жана башка жолдор аркылуу алардын углеводороддорунун артынан түшүшүбүз керек", — деген Сингх.
Эске салсак, мындан мурдараак АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Дарелл Исса президент Жозеф Байдендин администрациясы Россияга карата майнаптуу санкция киргизе алган жок деп күнөөлөгөн.
Конгрессчинин айтымында, россиялык энергоресурстардын дүйнөлүк рынокко чыгышын чектөө Москвага каршы иштеген бирден-бир санкция болуп турат. Ал Россия чектөөгө тушукканы менен мунай экспортун өзүнүн өндүргөн көлөмүнө жараша көбөйтүп алды деп белгилеген.
Россия Батыш углеводороддорду сатып алуудан баш тартып ката кетирип, жаңы көз карандылыкка кептелгенин белгилеген. Эми ортомчулар россиялык мунайды бир топ эле жогорку баа менен сатып алат.
ЖМК: Россияга салынган санкция майнапсыз болуп, кесепети ЕБге тийиши мүмкүн