21-сентябрга карата аба ырайы

21-сентябрда түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 21-сентябрь, ишембиде, өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жааса, көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Талас аймагында +22…+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көл жергеси менен Нарын өрөөнүндө +20…+25 градус жылуу болот.
Ал эми борбор калаада күндүн табы +27…+29, Ош шаарында +30…+32 градуска көтөрүлөт.
Күн кескин сууктайбы? Октябрга карата аба ырайы