Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарын өткөрөт — футболчулардын даярдыгы кандай?

Sputnik
25-29-сентябрь күндөрү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда жаштар арасында 2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары орун алат. Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын жаштар курама командасы «I» тайпасында жайгашкан Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курамалары менен кез келет. Футболчулардын даярдыгы кандай, окуу-машыгуулар кандай өттү, кураманын тизмесине кимдер кирди?
Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов жана U-20 жаштар курама командасынын оюнчусу, коргоочу Даниель Разулов кенен айтып берет.