Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Быйыл Бишкектин алты чоң көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү мерчемделсе, анын төртөөндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу мэрия билдирди. "Капиталдык ремонт жүргүзгөн подрядчы уюм менен түзүлгөн келишимдин шартына ылайык, жумушту аткаруучу тарап жол тилкесинин сапатына үч жылдык кепилдик берет. Эгер бул аралыкта жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, аны подрядчы уюм өз эсебинен калыбына келтирет", — деп айтылат маалыматта. Жолдордун сапатын мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти текшерүүдө. Мэрия буга чейин медиада жарыяланган жолдордогу кемчиликтер көзөмөлгө алынып, иш жүрүп жатканын билдирди.
Миң-Куштагы "Туюк-Суу" уран калдыктары сакталган жайды зыянсыздандыруу иштери быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу "Росатом" корпорациясынын сайтында кабарланган. Маалыматка ылайык, Миң-Кушта "Дальнее" калдык сактоочу жайын консервациялоо, ал эми "Туюк-Сууну" толугу менен жоюу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, компания Ош облусунун Ноокат районунда, Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылында дагы тиешелүү иштерди баштаары айтылды. Мунун баары Россиянын эсебинен жүргүзүлүп ишке ашырылып жатканы кошумчаланды.
Токмок шаарында 6-класстын окуучусу сабалганын Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 12 жаштагы кызды Токмок шаардык ооруканасына алып келишкен. Дарыгерлер анын башынан жаракат алганын айтышкан. "Окуучу кыз медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген. Анын айтымына караганда, математика сабагы учурунда классташ баласы урган. Милиция фактыны каттап, учурда иликтөө жүрүп жатат",— деп айтылган маалыматта. Милициядан зарыл болгон тиешелүү соттук-укуктук эскпертиза дайындалгандыгын айтышты.
Киевдин алыска атылуучу ракеталары менен Россиянын түпкүрдөгү аймактарына сокку уруу мүмкүнчүлүгү тууралуу айткан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг сөзүнүн артында эмне жатканын аңдабай калышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Евразиялык аялдар форумунун алкагындагы брифингде билдирди. Захарованын айтымында, мындай олуттуу уюмдун атынан сүйлөгөн киши жасалчу кадамдардын кесепетин да эске алышы керек. "Столтенберг да, анын сөзүн жазып бергендер да билдирүүлөрдүн арты кандай болорун аңдабай коюшу мүмкүн эмес", — деди өкүл. Буга чейин Столтенберг Times гезитине маек куруп жатып Киевге алыска атылуучу ракеталар менен Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берүү эч кандай кызыл чийин болбой турганын, абал өзгөрбөй ушул боюнча каларын айткан эле. Ал ракеталарды пайдаланууга уруксат берүүгө ыктаган мамлекеттерди, анын ичинде Франция менен Улуу Британияны толук колдой турганын кошумчалаган.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 27 тыйынга 1 евро 94 сом 07 тыйынга 1 рубль 91 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сом 20 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 21-сентябрда түнкүсүн бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде, өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жааса, көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Талас аймагында +22…+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +20…+25 градус жылуу болот. Ал эми борбор калаада күндүн табы +27…+29, Ош шаарында +30…+32 градуска көтөрүлөт.