Өлкө тамак-аш коопсуздугу мыйзамына, БАДдар боюнча илимий изилдөөлөргө жана кадрларга абдан муктаж

Sputnik
Учурда өлкөдө био активдүү кошулмаларды башаламан жарнамалап сатуу менен катар аны өзүм билемдик менен ичип жатканыбызды программанын мейманы Бермет Журупова да белгиледи. Анын айтымында, БАДдарды ашыкча пайдалануунун өзү зыян. Тамак-аштарда да БАДдар бар. Био активдүү заттарды дары катары колдонуу да такыр туура эмес жана ар бир витаминдин жана тамак-аштын курамы сыртында так жазылып көрсөтүлүшү керек. Эгер аллергия чакыруучу болуп эсептелсе, ал жагынан эскертүү жазылышы шарт. Бирок бизде көптөрү жазбайт. Учурда экспортко ата-мекендик өндурүштү чыгарууда атайын регламенттерге ылайык тамак-аштардын сапатын жакшыртуу каралууда. Бирок бул жаатта лабораториялар керек.
Муну менен катар тамак-аш изилдөөчү адистер жана БАДдарды илимий изилдөө тармагы аксап турат.