ККМди колдонуу бөлүгүнө бир катар өзгөртүүлөр эмне үчүн киргизилди?

Sputnik
Өлкөдө таксисттер менен курьерлер 2025-жылдын 1-январына чейин кассаны көзөмөлдөөчү машиналарды колдонуудан бошотулду. Мындан тышкары, интернет аркылуу товар саткан же кызмат көрсөткөн ишкерлер 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ККМди колдонбосо болот. Министрлер кабинетинин 23-августтагы токтомуна ылайык, салык төлөөчүлөр үчүн ККМди колдонуу бөлүгүнө бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондой эле контролдук-кассалык машиналарга аванстар жана кредиттер боюнча эсептөө функцияларын киргизүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-январына чейин узартылганы белгиленди. Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзгөн ишкерлер колдонушу керек. 193-токтомго ылайык, ККМдин колдонууда ишкерлерге болгон талаптар жана тизмелери жазылган.
Бул тууралуу Мамлекттик салык кызматынын ККМ кантролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Айгерим Бактыгулова айтып берди.