Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин сот тутумунун жетекчилерин "Ынтымак ордодо" кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстандын сот тутумунун 100 жылдык мааракесине келген Түркиянын, Азербайжан, Молдова, Кытайдын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Армениянын сот тутумунун жетекчилери, Евразия экономикалык бирлигинин, КМШнын Экономикалык сотунун төрагасы жана Европа комиссиясынын демократия үчүн укук боюнча вице-президенти болду.Садыр Жапаров ар бир мамлекеттин өнүгүшүндө сот системасынын ролу жогору экенин белгилеп, Кыргызстандын сот тутуму, анын ичинде судьялар менен сот системасынын кызматкерлери укуктук мамлекеттин калыптанышына баа жеткис салым кошуп, жарандардын мыйзамдуу укуктары менен эркиндигин ишенимдүү коргоп келе жатканын айта кетти. Мамлекет башчысы Кыргызстан башка мамлекеттер менен көп тараптуу интеграциялык процесстерди толугу менен колдой турганын белгиледи. Сөзүнүн соңунда өлкө башчы жолугушууга өкүл болуп келген өлкөлөр менен кызматташуунун зор потенциалы бар экенине ишеним билдирип, бул багытта иштерди улантуу зарылчылыгын кошумчалады.
Кыргызстан менен Россия коопсуздук жаатында маалымат алмашуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди. Ага ылайык, 19-сентябрда Чолпон-Атада Башкы штабдын башкармалыгынын жана Россиянын Улуттук борборунун өкүлдөрү жолугушкан.Иш-чарада аскерлердин күнүмдүк турмушунда жана ишмердигинде колдонула турган маалыматтарды алмашуу маселелеси талкууланды. Максаты — Куралдуу күчтөрдүн кызмат адамдарын тиешелүү ыкчам маалымат менен камсыздоо, ошондой эле тараптардын кызыкчылыгын камтыган аймактагы абалдын өзгөрүшү боюнча маалыматтар менен алмашуу болуп саналат.
Мектептердин аянтчаларына өсүмдүк, жашылча-жемиш өстүрүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жана "Кыргыз агрохолдинг" ишканасынын жетекчиси менен жолугушкан. Анда тараптар окуучулардын тамактануусун жакшыртуу үчүн мектеп аянтчаларына айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнү талкуулашкан. Жыйындын соңунда атайын жумушчу топ түзүп, идеяны бир райондун же облустун мектептеринде сынап көрүү чечими кабыл алынган.
АКШ Россияга каршы санкцияларды дагы катуулатуу ниетинде, ага эми дүйнөлүк рынокко сатылган нефть жана аны ташуулар кирмекчи. Бул туурасында АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Далип Сингх билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз санкциялардын бир топ эле катуу болушу туурасында айтыш керек деген режимге жакындап келе жатабыз, бул көмүскө флот жана Россияга рынокко сатууга мүмкүнчүлүк берген мунай жаатында болмокчу", — деген ал. Аткаминердин айтымына караганда, Вашингтон Россияга карата санкцияларды катуулатуу жана экспорткө көзөмөл кылуу жаатында иштерди активдештирүү ниетинде. Штаттар муну менен катар эле "кыска аралыкта — үчтөн алты айга чейин" Москванын мунай заттан түшкөн кирешесин кыскартууга аракет жасай тургандыктарын айтышты.