Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Августтун соңуна карата Улуттук банктын алтын-валюта резерви 4 миллиард 130 миллион 490 миң долларга жетти. Бир айдын ичинде запас 142 миллион 540 миң долларга өстү. Бул — тарыхый көрсөткүч. Мурдагы рекорд июлдун соңунда коюлуп 3 миллиард 988 миллион долларды түзгөн. Августта Улуттук банк эки жолу интервенция жасап, жалпы 111 миллион 450 миң доллар сатты. Соңку жылдары Улуттук банктын резерви 3 миллиард долларга бир нече жолу жетип, кайра азайган. Анткен менен акыркы айларда запас туруктуу өсүп, азайган жок.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин фото, видеого тарткандарды жазалоо сунушталууда. Тиешелүү формулировканы камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Ага ылайык, кызматтык милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерди "укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишин каралоо максатында" фото жана видеого тартып интернетке таратуу үчүн 5000 сом айып салуу же жети суткага чейин камоо сунушталууда. "Өз кызматтык милдетин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, коомчулуктун көз алдында жаманатты кылуу, мазактоо же кемсинтүү жана атайлап каралоо максатында фото, видеого тартып интернетке таратуу фактылары байкалууда. Аларга карата таасир этүүчү чаралар көрүлбөгөндүктөн милициянын жана башка укук коргоо органдарынын коомдогу бедели төмөндөп, анын ишмердүүлүгүнө баа берүүдөгү терс көрүнүштөр күч алууда", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде. Ошондой эле документте тиешелүү кызматтардын мыйзамдуу талабына баш ийбегендерди кармоого болору кошулуп, коомдук транспортто бейбаштык кылгандарга 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салуу сунушу менен толукталган.
Москвада жасалма интеллект жана маалыматтарды талдоо боюнча эл аралык олимпиада өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору билдирди. Маалыматка ылайык, Россиянын "Жогорку экономика мектеби" жогорку окуу жайы жана "Яндекс. Билим берүү" платформасы аталган олимпиадага катышууну каалагандардан билдирмелерди кабыл ала баштады. Каалоочулар 5-октябрга чейин жөнөтүп үлгүрүшү керек. Олимпиада командалык топтор арасында өтөт. Андыктан студенттер 2-3 адамдан турган өзүнүн тобун түзүп арыз жөнөткөнү оң. Биринчи этап онлайн-форматта, экинчи этап офлайн-форматта Москвада өтөт. Чет өлкөлүк студенттердин чыгымдары уюштуруучулар тарабынан төлөнөт. Олимпиаданын байге фонду 1 миллион 350 миң рублди түзөт. Жарышка катышуу үчүн шилтемеге өтүп арыз жөнөтүү керек.
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында окуу машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 7-сентябрда башталган окуу-машыгуу жыйыны 24-сентябрда жыйынтыкталат. Машыгуулар эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында уюштурулган.Окуу машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.