Быйыл жарым жылда Кыргызстанга 462,2 млн. доллар инвестиция тартылды

Өлкөгө инвестиция салган өлкөлөрдүн сап башында Кытай менен Россия турат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 2024-жылдын биринчи жарым жылында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 462,2 миллион доллар инвестиция келген. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.
Каражаттын 24 пайызы Кытайдан, 23 пайызы Россиядан тартылган. Инвестициянын 13 пайызы Түркиядан келсе, Нидерланд өлкөсүнөн 7 пайыз, ал эми коңшу Казакстандан инвестициялардын 6 пайызы түшкөн.
Статком чет элдик инвестициялардын 37 пайызы өндүрүшкө, соодага 19 пайызы, пайдалуу кендерди казууга 15 пайызы жана финансылык ортомчулукка 11 пайызы салынганын белгиледи.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестиция өлкө ичинде кандай бөлүштүрүлгөн