Садыр Жапаров Апас Жумагулов менен "Ынтымак ордодо" жолукту. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 90 жашка чыккан Кыргызстандын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен "Ынтымак ордодо" жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров 90 жашка чыккан Кыргызстандын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен "Ынтымак ордодо" жолугушту.

2 / 5

Жапаров Жумагуловдун өкмөттү жетектеп турганда өлкөнү саясий жана экономикалык кризистен чыгаруунун жолун тапканын белгиледи.

3 / 5

Садыр Жапаров Жумагуловдун 90 жылдыгын белгилөөгө карата анын параддык портрети даярдалып, "Ынтымак ордо" имаратынын коридоруна илинерин билдирди

4 / 5

Апас Жумагулов мамлекет башчыга көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да өлкөнүн бакубаттуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн чыңдоого активдүү көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалады.

5 / 5

Президент Садыр Жапаров 90 жашка чыккан Кыргызстандын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен "Ынтымак ордодо" жолугушту.

Жапаров Жумагуловдун өкмөттү жетектеп турганда өлкөнү саясий жана экономикалык кризистен чыгаруунун жолун тапканын белгиледи.
"Садыр Жапаров Жумагуловдун 90 жылдыгын белгилөөгө карата анын параддык портрети даярдалып, "Ынтымак ордо" имаратынын коридоруна илинерин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Апас Жумагулов мамлекет башчыга көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да өлкөнүн бакубаттуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн чыңдоого активдүү көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Садыр Жапаров дүйнө чемпионатынан байгелүү кайткан жаш балбандарды сыйлады