Немецтердин шаштысын алган партизандардын "Концерти". 81 жыл мурдагы видео

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, тагыраагы, 1943-жылдын 19-сентябрында немецтердин шаштысын кетирген "Концерт" деп аталган партизандык операция жапырт башталган.
Sputnik
Аскер жаатындагы адистердин айтымында, партизандардын рельстер менен эшелондорду талкалоосу душмандын абадан жасаган чабуулунан 11 эсе майнаптуу болгон. Басып алынган аймактардагы темир жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгү 40 пайызга чейин түшүп кеткен.
Немец аскерлердин "каргыш тийген партизандар күн сайын келгендиктен" тынчыраак уктай да албай калгандыктарын жазган жайы бар. Жардыргычтардын тартыштыгынан улам, тилекке каршы, "Концерт" бир айдан узагыраак гана мезгилге созулган.