Улуттук банктын резерви 1 млрд. долларга көбөйүп, 4 млрд. доллардан ашты

Улуттук банк өткөн айда эки жолу интервенция жасап, жалпы 111 миллион 450 миң доллар сатты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Августтун соңуна карата Улуттук банктын алтын-валюта (эл аралык) резерви 4 миллиард 130 миллион 490 миң долларга жетти.
Бир айдын ичинде запас 142 миллион 540 миң долларга өстү. Бул — тарыхый көрсөткүч. Мурдагы рекорд июлдун соңунда коюлуп 3 миллиард 988 миллион долларды түзгөн.
Белгилей кете турган жагдай, августта Улуттук банк эки жолу интервенция жасап, жалпы 111 миллион 450 миң доллар сатты.
Соңку жылдары Улуттук банктын резерви 3 миллиард долларга бир нече жолу жетип, кайра азайган. Анткен менен акыркы айларда запас туруктуу өсүп, азайган жок. Маселен, 2023-жылдын ноябрында эл аралык резерв 3 миллиард 62 миллион долларга жеткен. Башкача айтканда, бир жылга жетпеген убакытта миллиард доллардан ашык өстү.
Банктардын жети айда 18 млрд. сомдой киреше тапты