ТИМ Москвада балдарын мектепке киргизе албай жаткан мекендештер боюнча үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвада балдарын мектепке киргизе албай жаткан мекендештер боюнча үн катты.
ТИМ бул маселе боюнча Россиянын тиешелүү маморгандарына кат жөнөтүп, элчилик РФтин президенттик администрациясы менен кеңешмелерди өткөргөн.
Мындан тышкары, элчилик аталган көйгөйгө туш болгон кыргызстандыктар менен жолугуп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн WhatsApp группасын түзгөн.
"Россия тарап балдарды мектептерге каттоо көйгөйүн айрым билим берүү жайларында бош орундардын жоктугу менен түшүндүрдү. Маселе КР ТИМи менен элчиликтин тыкыр көзөмөлүндө. Учурда Россия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
2024-жылдын 18-сентябрына карата 224 кыргызстандык бала Москва шаары менен Москва облусундагы мектептерде кезек күтүүдө.
Самара шаарында консулдук кызматтарды көрсөткөн тейлөө борбору ачылды