Көкпар федерациясы казак улакчылары Ысык-Көлгө келбей турганын билдирди

Астанадагы чуулуу оюндан кийин Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы казак улакчыларын өлкөгө ынтымак беттешин өткөрүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Казакстандын көкпар боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өтө турган "Биримдик" кубогуна келбейт. Бул тууралуу Informburo. Kz басылмасына коңшу өлкөнүн Көкпар федерациясы билдирген.
"Федерация Ысык-Көлдө өтө турган "Биримдик" кубогуна катыша албайт. Себеби бул датага башка маанилүү иш-чаралар пландалган. Учурда көкпарчылар ошол оюндарга даярданып жатат", — деп билдирген Көкпар федерациясы.
Буга чейин Астанада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпардын финалы чуу менен аяктаган. Мындан кийин Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы казак тарапка "Биримдик" кубогун 1-ноябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүнү сунуштаган.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Эстафета Кыргызстанга өттү. Астанада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды