"Учкун" басмаканасы менен патрулдук милициянын кызматкерлери кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Учкун" басмаканасынын жана патрулдук милициянын кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, басмакананын кызматкерлери административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдордун дубликаттарын даярдап, инспекторлорго беришкен.
"Типографиянын бланктарды чыгаруучу цехинин жумушчулары Т.у.М. жана М.у.Б. пайда табуу максатында эрежелерге каршы административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдордун дубликаттарын даярдашкан", — деп жазылган маалыматта.
Атайын кызмат шектүүлөр (типографиянын жана патрулдук милициянын кызматкерлери) кармалганын жана бул ишке тиешеси барларды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Кара-Сууда пара берүүгө аракет кылган экс-чиновник кармалды. Видео