Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат.
Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-логистикалык комплекс түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Комплекс "Ак-Тилек" (Кыргызстан) жана "Карасуу" (Казакстан) өткөрмө пунктуларынын жанында жайгашат. Аянты 7,6 чарчы чакырым болсо, анын 4 чарчы чакырымы кыргыз тараптыкы, калганы казактарга тиешелүү болот.
Соода-логистикалык комплекс өндүрүш аянтчаларынан, товарларды жана жабдууларды сактоочу кампалардан, ошондой эле транспорттук инфраструктурадан турат, бул товарларды жеткирүүнү тездетип, логистикалык чыгымдарды азайтат.
Эске сала кетсек, 2023-жылы июнда Кыргызстан менен Казакстан соода-логистикалык комплекс түзүү боюнча келишимге кол коюшкан. Бул экспортко багытталган кирешелүү долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын айрым секторлорунун, анын ичинде өндүрүштү жана сатууну башкаруунун алдыңкы технологияларын колдонуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Пресс-борбор
ШКУ менен ЕАЭБдеги транспорт коридорлорун өнүктүрүү кайсы этапка келди