БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. ЕАЭБдеги өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,8 пайызга өстү. Бул тууралуу 2024-жылдын январь-июль айларынын отчетунда (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) айтылган.
Маалыматка ылайык, эң көп өсүш Арменияда, Беларуста жана Кыргызстанда катталды.
Биримдиктин өлкөлөрүндө өсүш төмөнкүдөй болду:
Арменияда — 15,7%;
Беларуста — 7,5%;
Россияда — 4,8%;
Казакстанда — 2,9%;
Кыргызстанда — 8%.