Кыргызстандык студенттер жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадага чакырылат

Жарыштын байге фонду 1 миллион 350 миң рублди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Москвада жасалма интеллект жана маалыматтарды талдоо боюнча AIDAO эл аралык олимпиадасы өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Маалыматка ылайык, Россиянын "Жогорку экономика мектеби" жогорку окуу жайы жана "Яндекс. Билим берүү" платформасы аталган олимпиадага катышууну каалагандардан билдирмелерди кабыл ала баштады. Каалоочулар 5-октябрга чейин жөнөтүп үлгүрүшү керек.
Олимпиада командалык топтор арасында өтөт. Андыктан студенттер 2-3 адамдан турган өзүнүн тобун түзүп арыз жөнөткөнү оң. Эгерде команда топтолбосо уюштуруучулар жалгыз келгендерден топ түзүп беришет. Мындан тышкары, катышуучулар Python программалоо тилин, технологиялык маалыматтарды топтоону, талдоону, аны менен иштөөнү билиши керек. Ошондой эле команда менен иштешүүгө көнгөн жана жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү болушу зарыл.
Биринчи этап онлайн-форматта, экинчи этап офлайн-форматта Москвада өтөт. Чет өлкөлүк студенттердин чыгымдары уюштуруучулар тарабынан төлөнөт. Олимпиаданын байге фонду 1 миллион 350 миң рублди түзөт.
Жарышка катышуу үчүн шилтемеге өтүп арыз жөнөтүү керек.
Кыргызстандык окуучулар орус тили боюнча олимпиадага катыша алат