Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Курск Украина үчүн чоң апаатка айланышы мүмкүн экени айтылды

Авторлор Украинанын эки гана жолу бар экенин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна кирип барышы Россия менен тирешүүнүн жалпы жүрүшүнө таасир тийгизе алган жок, эми апаатка айлануу тобокелчилиги күч болуп турат. Америкалык аналитиктер Дэниел Бесснер менен Дерек Дэвисондун ушундай маанайдагы макаласы National Interest журналына чыкканын РИА Новости жазды.
"Бир ай өттү, Украинанын чабуулу жалпы кырдаалды анча өзгөртө алган жок, демек, Украина союздаштары менен чогулуп Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоого болгон аракетин жумшашы керек", — деп жазылган макалада.
Авторлордун айтымында, Курскидеги Россиянын контрчабуулу Киевдин авантюрасын чыныгы аскердик апаатка айлантып коюшу мүмкүн. Украинанын алдында же басып алган жерлерден чегинүү, же көп жоготууга учуроо деген эки гана жол бар.
"Украина аны колдогон тараптар менен кандай гана чечим кабыл албасын, абал жалпы жонунан ошол боюнча эле калды. Киев адам ресурсу азайып жаткандыктан Россияны жеңе албайт", — деген эксперттер.
Өткөн жумада россиялык аскерлер Курскиде контрчабуул баштады. РФ Коргоо министрлиги 12-сентябрь күнү эки суткада украин согушкерлеринен 10 калктуу конушту бошотконун билдирген. Ал эми ушул жумада россиялык армия төрт конушту өз көзөмөлүнө алды.
Аскердик күчү жагынан Россиянын жеңилбеси анык. Токаев Шольц менен жолукту