АКШ Конгресси антироссиялык санкциялар ийгиликсиз болгондугун мойнуна алды

Иссанын пикиринде, россиялык энергоресурстардын дүйнөлүк рынокко чыгышын чектөө Москвага каршы иштеген бирден-бир санкция болуп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Жозеф Байдендин администрациясы Россияга карата майнаптуу санкция киргизе албагандыгын АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Дарелл Исса айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Соңку 3,5 жыл аралыгында майнап бере турган санкцияларды сала алган жокпуз. Себеби аздыр-көптүр жыйынтык бергени финансылык которуулар жаатындагы SWIFT системасы эмес, токтотушубуз керек деген нефть болду", — деген ал Конгрессте болуп жаткан кезектеги угуу учурунда.
Иссанын пикиринде, россиялык энергоресурстардын дүйнөлүк рынокко чыгышын чектөө Москвага каршы иштеген бирден-бир санкция болуп турат. Анткен менен АКШ муну жасай алган жок.
"Россия чектөөгө тушукканы менен мунай экспортун өзүнүн өндүргөн көлөмүнө жараша көбөйтүп алды. Башкача айтканда, анын эч нерсеси токтотулган жок", — деди америкалык мыйзам чыгаруучу.
РФ бир нече жолу ага салынган жана бүгүнкү күнгө чейин күчөп жаткан санкциялардан чөгөлөп калбастыгын айткан жайы бар. Москва киргизген чектөөлөрү максатына жетпей калганын мойнуна алууга Батыштын эрки жетпей жаткандыгын белгилеген. Аталган тараптагы бир нече өлкө антироссиялык санкциялар майнапсыз болуп жатканын айтып, дешкен.
РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку болгонун белгилеген. Анын айтымында, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу.
ЖМК: Россияга салынган санкция майнапсыз болуп, кесепети ЕБге тийиши мүмкүн