Радио

Өлкөдө ККМ аппаратын колдонгон ишкерлердин саны өсүп жатат

Мамлекеттик салык кызматынын ККМ контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Айгерим Бактыгулова салык төлөөчүлөр үчүн токтомдун ККМди колдонуу бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдады.
Sputnik
Өлкө боюнча контролдук-кассалык машиналарды колдонгондордун саны 115 миңден ашты. Бул тууралуу Айгерим Бактыгулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын өзүнүн соода ишмердигинде ККМ аппаратын колдонгон ишкерлердин саны өсүп жатат.
"Салык төлөөчүлөр үчүн тиешелүү токтомдун ККМди колдонуу бөлүгүнө бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, окуу жайларда жайгашкан ашканалар, буфеттер жана өз алдынча жасалган кол өнөрчүлүк буюмдарын саткан ишкерлер 14-сентябрдан баштап ККМди милдеттүү колдоно башташты. Ал эми такси айдоочулары менен курьерлер 2025-жылдын 1-январына чейин көзөмөл-касса машинасын колдонуудан бошотулду. ККМ аппараттарынын моделдери биздин системага даяр эмес болгондуктан мөөнөтү жылдырылды. Аппараттарды Кыргызстанга Салык кызматы менен келишим түзгөн гана ишкерлер алып келе алат. Анын моделдерин текшерүү үчүн Санарип министрлигинен комиссия түзүлүп, техникалык талаптарга жооп берсе колдонууга уруксат берилет. Анын алкагында биз аны реестрге киргизебиз. Аппаратты тейлөө үчүн техникалык борборлор иштейт. ККМдин баалары жана тейлөө тарифтери өзгөрүп турат. Колдонуучулар аппаратты сатып алган борборлорго ай сайын абоненттик төлөм төлөп турушат. Анткени борбордун кызматкерлери ККМ бузулуп калса оңдоп беришет. Эгер колдонгонду билбей жатса келип түшүндүрүшөт. Жыл сайын өзүнүн соода ишмердигинде ККМ аппаратын колдонгон ишкерлердин саны өсүп жатат. Азыркы тапта 115 миңден ашты", — деди Бактыгулова.
Ал ошондой эле контролдук-кассалык машинаны эл менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзгөн ишкерлер колдонууга милдеттүү экенин кошумчалады.