Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Bloomberg: Киевдин союздаштары Москва менен сүйлөшүүгө ыктап бара жатат

Европадагы коргонуу компанияларынын акциялары Украина армиясы кармашта жеңишке жете албаганы үчүн түшүп кеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Украинанын өнөктөштөрүнүн көбү Россия менен кармашты сүйлөшүү жолу менен бүтүрүүгө ыктап турат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
"Киевдин бир катар союздаштары Москва менен каршылашуунун аягы кандай бүтөр экен деп турушат. Ал Батыштын башка борборлорун саксынтууда. Мындай кептер Украинаны согуш отун эрте токтотуу кадамын аргасыздан жасоого мажбур кылат", — деп айтылат маалыматта.
Авторлор Европадагы коргонуу компанияларынын акциялары Украина армиясы кармашта жеңишке жете албаганы үчүн түшүп кеткенин белгилешкен. Ал эми РФтин түпкүрдөгү аймактарын аткылоого уруксат бергенден кийинки Россиянын реакциясы "шумдуктуу кесепетке" алып келет деген түйшөлүүнү жаратарын айтышкан.
Расмийлер сүйлөшүүлөр аркылуу согушту токтотуу жаатындагы идеяга олуттуу карап башташарын, бирок Киев мындай кадамга Владимир Зеленский тыштан жасалган басым-кысымсыз өзү барышы керектигин билдиришкен.
Россия диалогго даяр экендигин бир нече ирет айтканы менен Киев буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Кремлден Москва үчүн атайын операцияда башкы максатка жетүү маанилүү багыттардын бири болуп тургандыктан азыр тынчтык нукка өтүүгө эч кандай өбөлгө жоктугун белгилешкен эле. Анткен менен Россия лидери Владимир Путин Москва Украина кризисин жөнгө салууга негиз болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн эч качан баш тартпай тургандыгын мурда айткан. Украина армиясынын Курскиге киришинен кийин Путин жай жарандарды жабыркатып, өзөктүк энергетикага коркунуч жаратып жаткандар менен сүйлөшүүлөр мүмкүн эместигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы тынчтык Россиядан башка эч кимге керек эместигин айтышты