Кара-Сууда пара берүүгө аракет кылган экс-чиновник кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кара-Суу райондук кадастр бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ш.Р.Ж. УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жеринен кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
Маалыматка караганда, ал убагында социалдык объектилерди курууга багытталган жер тилкелерин мыйзамсыз берип жиберген.
Кара-Суу райондук кадастр бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ш.Р.Ж. УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жеринен кармалды
"Ш.Р.Ж. жетекчи болуп турганда Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы массивинин башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизген. Ошондой эле мектеп, бала бакча курууга арналган жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган. Ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн УКМК кызматкерине 15 миң доллар пара сунуштаган", — деди атайын кызмат.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Коррупционерлер мамкызматка бара албайт. УКМК сунуштаган мыйзамдын чоо-жайы