Бишкекте Гоголь көчөсү автоунаалар үчүн убактылуу эки тараптуу болду

Сүйүмбаев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Москва көчөсүнө чейинки тилкеси оңдолуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкектеги Гоголь көчөсү кечээтен бери автоунаалар үчүн убактылуу эки тараптуу болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Сүйүмбаев көчөсүндөгү жол оңдолуп бүткөнгө чейин Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москвага чейинки тилкесинде автоунаалар эки тарап менен тең жүрө алышат.
Учурда "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы кошумча жол белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.
Мэрия Сүйүмбаев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Москва көчөсүнө чейинки тилкеси капиталдык оңдоодон өтүп жатканын эскертти.
"Бишкек жашыл чарба" Айтматов проспектиндеги эски дарактарды кыят