Радио

Ала-Арча паркынын кире беришине 2 000 унаа батчу бекет курула баштады

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын директорунун орун басары Эркин Тыныев эми эс алуучуларды парктын ичинде 50 электромобиль ташый турганын айтты.
Sputnik
Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилет. Жүргүнчүлөрдү парктын ичинде 50 электромобиль ташып, 5-10 мүнөт сайын каттап турарын Эркин Тыныев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өткөрмө пунктунун жанына 2 миң машина бата турган унаа токтотуучу жай курула баштады.
"Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында бир топ өзгөрүүлөр болот. Жылына паркка болжол менен 100 миңден ашык унаа кирет. Кооз жаратылышыбызды сактап, аны кийинки урпактарга өткөрүп берүү үчүн аракеттерди көрүшүбүз керек. Эми парктын аймагына унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилет. Эс алуучуларды парктын ичинде 50 электромобиль ташыйт. Эгерде дагы кошумча муктаждык болсо саны көбөйтүлөт. Жетекчилик Кытайга барып, 10-12 кишини батыра ала турган электромобилдерди алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Маршруту парктын кире беришиндеги өткөрмө пунктунан баштап, "Ала-Арча" ресторанына чейин болот. Ал эми анын баасы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге чечилип, аныкталат. Учурда эс алуучулардын жеке унаалары үчүн 2 миң орундуу бекет курулуп баштады. Мындан тышкары, парк ичинде от жагууга тыюу салынганына карабай эрежелерди бузуп келишет. Эми шишкебек жасоо үчүн мангал, казан, самоор сыяктуу каражаттарды алып кирүү көзөмөлдөнүп, көйгөйдү чечет деп турабыз", — деди Тыныев.
Ошондой эле ал жаратылыш паркынын ичинде тез татым жайлары уюштурулуп, каалоочулар тамактанса болорун кошумчалады.