Зардалыны зарланткан көйгөйлөр деги качан чечилет? Акыйкатчы коңгуроо кагууда

Өкүл мектеп окуучуларына окуу куралдарынан турган белектерди тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен институттун Баткен облусундагы өкүлү алыскы Зардалы айылынын тургундарынан кабар алды. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Маалыматта өкүл жашоочулардын укугунун сакталышы боюнча абал менен таанышып, сапардын жыйынтыгы менен тиешелүү органдарга кат жөнөтүлгөнү айтылат.
"Жашоо катаал болсо да эл туулган жерин таштап кеткиси келбейт. Тургундардын көпчүлүгү орто жаштагы жарандар. Жаштар окуп, билим алууга кетип, катаал шарттан улам айылга кайтып келгендер дээрлик жок. 1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте жалпысынан жети гана бала билим алып, эки мугалим иштейт. Электр жарыгы жеткен эмес, айылда медициналык түйүн жок. Кыштакты облус менен байланыштырган жалгыз шагыл жол 6 ай гана ачык болуп, кышкысын жабылып, сырткы дүйнө менен байланыш үзүлөт. Кыш мезгилинде тургундар аска боюндагы жалгыз таман жол менен жөө-жалаңдап катташат", — деп айтылат маалыматта.
Зардалыда мугалимдер, окуу китептери жетишсиз экени, ар бир предмет боюнча бирден гана үлгүдөгү китеп бар экени белгиленген. Балдарды ысык тамак менен камсыздоо да толук кандуу уюштурулган эмес. Окуучулар үчүн бир айга бир коробка печенье жана вафли гана берилери айтылган.
"Мектепте директор жок, эл жетекчини сынаксыз эле дайындап берүү өтүнүчүн билдирген. 2022-жылы "Кыргыз интернет" фонду мектепке WiFi роутерин орнотуп, бирок ушул жылдын май айында жабдыктары иштен чыгып калган. Айылда уюлдук байланыш жок болгондуктан тургундар мектептеги WiFi аркылуу интернеттен өлкө жаңылыктарынан кабардар болуп турушат. Дарыгердин жоктугунан зардалылыктардын жалгыз медициналык түйүнү да жабык турат. Жергиликтүү тургундар дарыгердин жардамына муктаж болгон учурда чек ара заставасындагы фельдшердик пунктуга кайрылышат", — деп айтылат маалыматта.
Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдар алыскы Зардалы айылынын жашоочуларынын медициналык жардам жана балдардын толук кандуу билим алуу укугун камсыздашы керектигин белгилеп, катаал шарттарда жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн тезинен чечүүгө чакырды.
Иш сапардын жыйынтыгы менен бир нече мамлекеттик органдарга Зардалы айылынын тургундарынын укуктарынын сакталышы тууралуу кат жөнөтүлгөн.
Зардалынын зарыгып күткөн жолу кандай салынып жатат? Видео