20-сентябрга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын тоолуу райондорунда жамгыр жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16…+31, Ысык-Көл жергеси менен Нарын өрөөнүндө +19…+24 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +26…+28, Ош шаарында +29...+31 градуска көтөрүлөт.
Бишкекте Гоголь көчөсү автоунаалар үчүн убактылуу эки тараптуу болду