Эмне үчүн тасма “Эркекче жана аялча”?

Sputnik
Бул ирет «Стоп кадр» программасында биз “Эркекче жана аялча” аттуу комедиялуу фильм тууралуу маектештик. Долбоордун жаратуучулары аталган тасма аркылуу аял жана эркек үй-бүлөдө бири-бирин түшүнүү эң маанилүү нерсе экенин комедия аркылуу чагылдырып бергенге аракет кылганын айтты.
Тасманын режиссеру Аким Карасаев буга чейин “Мигранттар” деген Орто Азияга тараган сериалды тартса, эми бул долбоор менен өзүн толук метраждуу тасмада сынап көрүүнү чечкен. Ал жашоосунун көпчүлүк бөлүгү Россияда өткөнүн, кинонун өзгөчө комедия жанры коомдогу маселелерди көрүүчүгө жеткирүүгө мыкты курал экенин белгилеп өттү.