Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер

Sputnik
Учурда Кыргызстанда тоок фермалары өнүгүүдө. Акыркы эки жылда жумуртканын өндүрүмдүүлүгү 100-200 пайызга өстү. Быйыл жай мезгилинде кыргызстандыктарды өзүбүздүн ишкерлер жумуртка менен камсыз кыла алышты. Ири компаниялар көбөйдү. Алар 1500 миллиондой жумуртка чыгарышат. Жумуртканын өндүрүмдүүлүгүнүн 85 пайызы Чүйдө. Өлкөнүн бардык регионуна Чүйдөн өндүрүлгөн жумурткалар барат. Ал эми түштүк тарапта аз. Ошондуктан ал жакта чакан тоок фермаларын көбөйтүү аракетиндебиз. Ал үчүн туура жемдер менен камсыздалып, туура багуу үйрөтүлүүдө.
Азырынча ишкерлер Кыргызстандыктарды жумуртка менен кышы-жазы толук камсыздай албарын “Оазис Агро” компаниясынын өкүлү, жеке ишкер Дастан Суютбеков айтып берди.