Кыргыз мамлекеттик, жеке өнөктөштүк ишмердүүлүгү дүйнөлүк тажрыйбага жаңылык киргизип, рейтингде 22-орунга көтөрүлдү. Ал эмне болгон жаңылык?

Sputnik
МЖӨнүн долбоордук түзүмүндө азыр 70тен ашык долбоор бар экенин мейманыбыз Улан Данилбеков билдирди. Анын ичин 42си ишке ашыруу деңгээлине өттү. Айрымдары элге кызматын көрсөтө баштады. Мунун баары мыйзамдын алкагында ишке ашырылат. Жаңы мыйзам кабыл алынган. Долбоорду мамлекет гана эмес, жеке тараптар да демилгелей алат. Жеке өнөктөштөргө салык, мадициналык кызмат көрсөтөбүз десе ижара акысы да эң төмөн баада берилет. МЖӨ келишимине кол коюп иштеп баштагандан бери үч жылга чейин текшерүүдөн бошотулат.
МЖӨ ар тармактуу болуп кетет. Кен казуу иштерине, долбоорду жеке өнөк башка бирөөгө сатып жибергенге болбойт жана үчүнчүдөн мамлекеттик сатып алуулар механизмине да колдонулбайт. Учурда Кыргызстан МЖӨ боюнча дуйнөдө рейтинги боюнча 22 орунду ээледи. Данилбековдун айтымында чакан долбоорлор менен иштөө жатында биздин мамлекет бул тармакка жаңычылдык киргизди.