Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
2030-жылга чейин майда дыйкан-фермердик чарбаларды 424 кооперативге бириктирүү пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында жеке, чакан, майда чарбаларды ирилештирүү багытында кооперативдерди түзүү саясаты иштелип чыккан. "Учурда бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо маселесин колдоо катары кимдин бир миллион сомго чейин насыясы болсо мамлекет жоюп бере турган программа иштелип чыгууда. Ал үчүн жеке, чакан чарбалар кооперативдерге биригиши милдет. Тамчылатып сугаруу системасына өтүшү абзел. Анан эмнени эгем, өндүргөн товарымды кайда сатам деген так планы, келишими болушу шарт. Ушундай саясаттын негизинде мамлекет тарабынан каржылык көмөк, колдоо көрсөтүлөт", — деген Төрөбаев. Министр ушундай жол менен майда дыйкан чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалып жатканын белгиледи.
Кыргызстанда "Бурана – Баласагын" этношаары салынат. Бул тууралуу маданият министри Алтынбек Максутов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, шаар байыркы заманды чагылдырган тарыхый-архитектуралык музей-комплекс болот. "Бул — чоң долбоор. Этношаарды салууга азыр ылайыктуу 10 гектар жер издеп жатабыз. Жер шаарга чукул болсун деп Бишкектин чекесинен эле каралууда. Аны салууга 30 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин каражат сарпталат. Ичинде ар улуттун ашканасы, ресторан, эс алуу жайлары да жайгашат. Долбоор боюнча абдан кооз шаар болот", — деди Максутов. Ал белгилегендей, "Бурана – Баласагын" шаарынын долбоору толугу менен даярдалып бүткөн. 3D форматы дагы бар.
Өлкөдө жыл сайын "40 райондон 40 китеп" адабий сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тескемесинде айтылган. Ага ылайык, тиешелүү жобо чыгармачылыкка дем берүү жана интеллектуалдык потенциалды чыңдоо үчүн шарт түзүү максатында иштелип чыккан. "Жобо конкурсту өткөрүүнүн шартын жана тартибин аныктап, региондордогу авторлордун чыгармаларын баалоодо келип чыгуучу укуктук жана уюштуруу мамилелерин жөнгө салат. Конкурстун негизги максаты кыргыз тилин жана улуттук маданиятты сүйүүгө тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу, чыгармачылыкты илгерилетүү болуп саналат", — деп жазылган маалыматта.Кыргызпатентке жыл сайын атайын каражат боюнча чыгымдардын сметасында конкурсту уюштурууга жана авторлордун буга чейин чыгармаларын басып чыгарууга каражат кароо тапшырылды.
Россия эл аралык коомчулукту АКШга палестин-израиль маселесинде Вашингтон шериктери менен "тарыхтын туура эмес тарабында" турганы тууралуу чоң коңгуроо кагууга чакырат. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Башкы ассамблеянын жыйынында сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Келгиле, баарыбыз биригип Вашингтонго шериктери менен тарыхтын туура эмес тарабында турганын айтып белги берели. Палестинага байланышкан долбоор боюнча добуш берүү алдында турабыз, бул аталган багыттагы маанилүү кадам болот", — деди Небензя. Дипломат Палестина менен Израилдин ортосундагы кырдаал курчуп жаткан маалда Вашингтон вето укугун беш ирет пайдаланып жибергенин белгиледи. Шаршемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясы Палестина тарабынан сунушталган резолюциянын долбоору боюнча добуш берет.