"Ливанда жарылган пейджерлер бизде чыккан эмес". Тайвань үн катты

Цингуан үч жыл мурда анын ишканасы европалык компаниялардын бири менен кызматташуу боюнча келишим түзгөнүн айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ливандын ар кай жеринен жарылган пейджерлерге тайвандык Gold Apollo компаниясынын эч кандай тиешеси жок, аларды европалык компания иштеп чыгып, жасаган. Мындай билдирүүнү аталган ишкананын башчысы Сюй Цингуан калтырганын РИА Новости жазды.
Буга чейин эл аралык ири ЖМКлардын бири маалымат булагына таянып, Израилдин "Моссад" деп аталган чалгын кызматы Тайвань өндүрүшүнөн чыккан, "Хезболла" буюртма берген беш миң пейджерге жарылчу заттарды салып койгон деп жазган. Ал киши аталган техника Gold Apollo деп аталган тайвандык фирмага буюртма берилди деген.
Сюй Цингуан үч жыл мурда анын ишканасы европалык компаниялардын бири менен кызматташуу боюнча келишим түзгөнүн айтып берген. Алгач алар Gold Apollo компаниясынын продукциясына дистрибьютердик кылып иштешкен, бирок кийинчерээк кеп болуп жаткан AR-924 пейджерлерин өз алдынча иштеп чыга башташкан. Тараптар европалыктар иштеп чыккан бул техникалар Gold Apollo логотиби менен сатыларын айтышкан.
"Жарылып кеткен пейджерлер чет өлкөдө иштелип чыгып жасалган, ага Тайвандын кымындай да тиешеси жок", — деген Цингуан.
Кечээ, 17-сентябрда, Ливандын райондорунда мурда кездешпегендей окуя болуп, кишилер колдонуп жүргөн пейджерлер жарылган. Аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирас Абъяд 11 киши көз жуумп, төрт миңге чукул адам жаракат алганын билдирди.
Бир катар ЖМКлардын жазганына караганда, "Хезболла" кыймылынын адамдары бул аппараттарды аз тыңшалат деген максат менен өз ара ички, жашыруун байланыш үчүн колдонуп келишкен. Аталган кыймыл менен Ливан бийлиги жоопкерчиликти Израилге жүктөдү.
Axios басылмасынын жазганына таянсак, бул операцияны Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху жана министрлер кабинети Коопсуздук кызматынын жетекчилери менен макулдашкан.
Ливандагы пейджерлердин жарылуусунан 4000ден ашуун киши жабыркады