БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Социалдык фонд кыргызстандыктарга пенсиянын топтомо бөлүгүн алуунун жолдорун түшүндүрүп берди.
Маалыматка ылайык, элдин жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоолорду төмөнкү учурларда алса болот:
жеке камсыздандыруу эсебинде пенсиялык топтомосу бар пенсионерлер;
чет өлкөгө туруктуу жашоого бараткан же көчүп кете турган кыргызстандыктар;
пенсиялык топтомосу бар адамдардын мураскорлору;
пенсиялык топтомосу бар, 63 жашка чыккан аскер кызматкерлери. Белгилей кетчү нерсе, аскер кызматкерлери кызмат өтөп жаткан мезгилде Социалдык фондго акча чегербейт. Андыктан аскер кызматын өтөөдөн мурда же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тийиштүү чегерүүлөрдү төлөгөн жарандар гана ала алат;
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алган, ошондой эле үлүштүк турак жай курууга катышкандар пенсиялык топтомону каражаттын баштапкы төлөмү катары же ипотекалык кредитти төлөөгө алса болот;
расмий жумушсуз жүргөн адамдар;
оор илдетке кабылган учурда же үй-бүлө мүчөлөрү катуу ооруп калган маалда.
Социалдык фонд топтомо пенсиянын көлөмү 50 миң сомдон ашкан учурда гана жогоруда айтылган максаттарга коротууга болорун эскертет. Документтерди даярдоо үчүн жашаган жери боюнча Соцфонддун бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Кошумча суроолор боюнча 1202 номерине байланышууга болот.