Россияда аялдардын евразиялык IV форуму башталды. Видео

Ар кыл багытта тематикалык, стратегиялык сессиялар, талкуулар, диалогдор өтөт. Иш-чарага бардык континенттен келишкен.
Sputnik
Санкт-Петербург шаарында кыз-келиндердин үч күндүк евразиялык IV форуму башталып, ага лидер аялдар катышууда.
Форум "Аялдар дүйнөлүк кызматташуу менен ишенимдин бекемдешин колдойт" деген темада өтүп, анын ичинде жүзгө чукул иш-чаралар каралган. Жогорудагы багытта тематикалык, стратегиялык сессиялар, талкуулар, диалогдор өтөт. Аларды тааныштыруу программалары, лекциялар жана тегерек столдор коштомокчу.
Бул ар кыл континенттен келген лидер аялдар актуалдуу маселелерди, көйгөйлөрдү чечүү жаатында талкууларды уюштуруп иш алып бара турган аянтча болмокчу.
Программанын маанилүү бөлүгү — эл аралык уюмдар менен бирикмелердин катышуусундагы иш-чаралар. Арасында парламент аралык "Дүйнөдөгү жаңы күн тартиби менен ишенимди түптөөдөгү аялдардын миссиясы", "Россия-Араб дүйнөсү" диалогу, "Аялдар жыйырмалыгы" (W20), "Глобалдуу деңгээл: аялдар уюмдары жана көп тармактуу институттар" аталышындагы ачык отурумдар бар.
Форумду РФтин Федерация кеңеши жана КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы уюштурууда.
"Манжерок" фестивалы 15 өлкөнүн журналист, блогер, активисттерин бириктирди