Бишкектин дарыгерлери Нарындагы балдардын ден соолугун текшерүүдө

Медиктер Нарында бир жума болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери Нарын облусундагы балдардын ден соолугун текшерип жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, борбор калаадан барган медиктер Нарында бир жума болот.
"Алар балдардын өсүүсүнө, астма жана аллергия илдеттеринин белгилерине, өпкөнүн иштешине баа беришет. Чогултулган материалдардын негизинде дарылоо, диагностикалык жана профилактикалык чаралар иштелип чыгат", — деп жазылат маалыматта.
Текшерүүдөн өткөн балдарда аталган оорулардын клиникалык белгилери байкалса, алар андан ары текшерүүдөн өтүп же ооруканага жаткырылары кошумчаланды.
Пресс-борбор
Министрлик кыргызстандыктар эмдөөдөн эки себеп менен баш тартарын айтты