БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Күндүн кеңейип же Жердин астероид менен кагышканынан улам адамзат жок болуп кетиши мүмкүн, андыктан кишилер планеталар арасында учканды үйрөнүшү керек. Мындай сунушту америкалык миллиардер Илон Маск айтканын РИА Новости жазды.
"Бүгүн, эртең чоң комета Жер менен кагылышып, мурда болуп келгендей дээрлик бардык жашоону жок кылат. Күн ушунчалык кеңейип кеткендиктен океандарды кайнатып, эртеби-кечпи, ал бар бүткөндүн жашоосун токтотот. Космостук цивилизацияга аралашуу же өлүү — ушул эки вариант гана турат", — деп жазган ал Х социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасына.
Маск буга чейин "бюрократия эле тоскоолдук жаратып, муунтпаса" космостук Starship кемеси Жерди жок болуп кетүүдөн сактап, адам баласына башка планеталарда жашоого мүмкүнчүлүк берерин айткан.