Ливанда эми рациялар жарылды: 9 адам каза болуп, 300дөн ашыгы жаракат алды

Бейрут жана Ливандын башка райондорундагы бир нече үйдө, кеңседе ноутбук, радиоөткөргүчтөр жана компьютерлер жарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ливанда бүгүн кайрадан жарылуулар жаңырып, тогуз адам көз жумду. Алардын бири Бейрут шаарында “Хезболланын” каза тапкан аскерлерин акыркы сапарга узатып жаткан учурда болгон. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, аталган кыймыл пейжерлер менен бирге сатып алган рациялар жарылган.
Axios порталы менен Fox News "Хезболланын" мүчөлөрү колдонгон миңдеген рациялардын жарылышына Израилдин тиешеси бар экенин билдирди.
Ливандагы соңку окуя боюнча урунттуу учурлар:
жарылуу 9 кишинин өмүрүн алганын, 300дөн ашыгы жабыркагандыгын Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүүдө;
рациялар Израилдин атайын кызматы тарабынан алдын ала миналаштырылган;
Бейрут жана Ливандын башка райондорундагы бир нече үйдө, кеңседе ноутбук, радиоөткөргүчтөр жана компьютерлер жарылганын Tasnim басылмасы жазды;
Fox News бул иштерди Израиль жасап жатканын Пентагондогу маалымат булактар тастыктагандыгын билдирди;
Сирия президенти Башар Асад бардык чалгындоо кызматынын командир, офицерлерине байланышуунун портативдик түзмөктөрүн колдонуудан баш тартууну тапшырды;
Ливанда дагы литий батареялуу байланыш түзмөктөрү барларга аларды өчүрүп, жакын жолобоону эскертишти.
Кечээ, 17-сентябрда, Ливандын райондорунда мурда кездешпегендей окуя болуп, кишилер колдонуп жүргөн пейжерлер жарылган. Аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирас Абъяд 11 киши көз жуумп, төрт миңге чукул адам жаракат алганын билдирди.
Учурда жабыр тарткан тарап бул иш Израилдин колунан келгенин айтууда. Андан сырткары, Axios басылмасы пейджер операциясын Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху жана министрлер кабинети Коопсуздук кызматынын жетекчилери менен макулдашкан деген маалымат тараткан.
Ливандагы пейджер жарылуусу: Ирандын элчиси көзүнөн ажырады