Парламент "Каркыра" өткөрмө пунктун 24 саат иштетүүнү колдоп берди

Мыйзам долбоорун Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев тааныштырды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Каркыра-автожол" өткөрмө пунктунун күндүз иштөө режимин "күнү-түнү" деп алмаштырууну караган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.
Тиешелүү макулдашууга өзгөртүү киргизүүнү министрлер кабинети демилгелеген. Мыйзам долбоорун Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев тааныштырды.
"Каркыра" өткөрүү пунктунун иштөө режимине өзгөртүү киргизүү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, ошону менен бирге ички жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү, инфратүзүмүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган", — деди Шаршеев.
Депутаттар бул демилге туризмдин илгерилешине өбөлгө болорун белгилешти.
Шакиев "парламент таркайт, референдум өтөт" деген кептер тарап жатканын айтты