Дин мамлекеттен тыш. Спикер дин чөйрөсүндөгү мыйзам тууралуу пикирин айтты

Нурланбек Шакиев коомдогу динге байланыштуу мыйзам долбоорунун тегерегинде талкууларга туура багыт берүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, коомдо динге байланыштуу мыйзам долбоорунун тегерегиндеги талкууларга туура багыт берүү зарыл.
"Дин мамлекеттен тыш. Диний иштерге дагы мамлекет аралашпайт. Мыйзамды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, аалымдар жазып келишет. Ошого жараша көрөбүз. Анан аялдардын жоолуктарын чечтирет, дааватты токтотот деген сыяктуу кептер тарап жатат. Андай болбойт. Жоолук салынуу биздин салтыбызда болуп келген. Апалар, эжелер, келиндерибиз жоолук салынган. Андан сырткары, дааваттын арты менен аракечтик, баңгилик, сойкулук сыяктуу бир топ терс көрүнүштөр жоюлуп келген, бирок бардыгы ирети менен болот", — деди Шакиев.
Эске салсак, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Анда коомдук жайларда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга, диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салуу жана башка маселелер каралган. Мындан тышкары, диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.
Аскат Алагөзов дин мыйзамынын тегерегинде чагымчылыкты токтотууга чакырды