Шакиев "парламент таркайт, референдум өтөт" деген кептер тарап жатканын айтты

Төрага соңку убактарда айрым саясатчылар такталбаган, жалган маалыматтарды таратып жатканына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "парламент тарайт, референдум өтөт" деген кептерди четке какты.
Анын айтымында, соңку убактарда саясатчылар арасында ар кандай такталбаган маалыматтар тароодо.
"Акыркы күндөрү айрым саясатчылар "өлкөдө референдум болот, парламент тарайт, депутаттардын саны кыскарат" деген сөздөрдү таратууда. Мунун баары суу кечпеген сөздөр. Алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот. Аны татыктуу, таза өткөрүшүбүз керек. Андан башка саясий өзгөрүүлөр болбойт жана мыйзам чегинде иштер жүрөт", — деди спикер.
Төрага ошондой эле бул боюнча мамлекет башчы менен талкуу болгонун кошумчалады.
Алдыдагы шайлоолорго "Ата-Журт" партиясы катышпайт. Ташиев себебин түшүндүрдү