Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыгарылды

Улан Жапаров — мамлекет башчынын атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечиминде айтылган.
Маалыматка ылайык, тиешелүү бөгөт чара 19-сентябрга чейин кабыл алынган.
Улан Жапаров — мамлекет башчынын атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу.
Эске салсак, Улан Жапаров бажыдагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шектелип 2023-жылдын июнь айында да кармалган. Төрт айдан кийин анын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлүп, иши сотто каралып жаткан.
Экинчи ирет быйыл июлда ал бирөөнүн ишенимине кирип өзгөчө ири өлчөмдөгү суммага алдаган деп шектелип, кайрадан камалган эле.
Бишкектин эки жол инспектору коррупцияга шектелип кармалды. Видео