Рафик Мамбеталиев күч менен бийликти басып алууга шектелүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Рафик Мамбеталиев күч менен бийликти басып алууга шектелүүдө.
Маалыматка ылайык, ал УКМК тарабынан кармалып, Биринчи май райондук соту 13-сентябрда аны тергөө бүткүчө, 21-октябрга чейин, үй камагына алган.
Рафик Мамбеталиев 2014 жана 2015-жылдары Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Андан кийин бир жыл Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болгон.
УКМК "Аю холдингдин" мурдагы президентин кармады